Бишкек шаарында бир нече көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.

Үстүбүздөгү жылдын 18-июлунан тарта Чүй проспектисинде жолду капиталдык оңдоо жумуштары башталат.

Капиталдык оңдоонун биринчи этабында Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат.

Белгилей кетсек, Чүй проспектисинде жол тилкеси Манас проспектисинен Т. Айтматов көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.