«Бишкекжашылкурулуш» МИнын кызматкерлери көлдүн түбүн механикалаштырылган жана кол менен тазалоо, ошондой эле учурдагы скважиналарды жана канализация системасын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүштү.

Учурда “Бишкекасфальтсервис” МИнын адистери көлдүн айланасындагы тротуарларды асфальттоодо.

Белгилей кетсек, бул жасалма көл жана өзүн-өзү тазалоо системасы жок. Акыркы жылдары көлдү толтуруу үчүн суу ЧЧКдан алынса, быйыл скважинадан таза суу толтурулуп жатат.