Бишкектиктер жана чарба жүргүзүүчү субъекттер чектөөчү көрнөк-жарнактарга жана видеокөзөмөл камераларына карабастан таштандыларды белгиленбеген жерлерге таштоону улантышууда. Тазалыкты сактабагандарга муниципалдык инспекция айып пул салууда.  
1-июлдан 15-июлга чейин КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1 жана 2-бөлүгүнө ылайык 100 протокол түзүлүп, жеке жана юридикалык жактарга 1 334 000 сомго айып пул салынган.

Таштандыны белгиленбеген жерге таштагандар менен күрөш күн сайын күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатат.
Таштанды таштоочу жайлар Ахунбаев көчөсүндө Достоевский көчөсүнөн 7-апрелге чейин, ошондой эле Арча-Бешик конушундагы Чортеков/Кең Көл көчөсүндө көп катталууда.

Атайын орнотулган видео көзөмөл камераларына тартылган видеолорго караганда  таштандыны көбүнчө  автоунаалар менен алып келип таштаган фактылар кездешүүдө. Ошондой эле белгиленбеген жерлерге таштандыларды шаардыктар чоң пакеттерге салып келип ташташууда.  

Урматтуу шаар тургундары жана чарба жүргүзүүчү субъектилердин ээлери, уюмдар!  Белгиленбеген жерлерге таштанды ыргытпоону суранабыз! Борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары катталган учурда күнөөлүүлөр 5 500 сомдон 17 000 сомго чейин административдик жоопкерчиликке тартылаарын эскертебиз.