Ленин  акимиаты «Со Юнг Ю» фонду менен бирдикте 150 балага жайкы лагерь уюштурган.

Лагерь 9-13-июль аралыгында №96 орто мектептин базасында уюштурулган.

Лагерге барганда балдар өздүк гигиена эрежелерин, туура биринчи жардам көрсөтүүнү, коомдук жайларда өзүн алып жүрүүнү, тазалыкты үйрөнүштү.

Иш-чаранын жабылышында ата-энелер жана алардын балдары мастер-класстарга катышты.

Өз кезегинде муниципалдык администрация балдар үчүн бул майрамды уюштурганына ыраазычылык билдирип, фондго ыраазычылык кат тапшырды.