Бишкек шаарында Новопавловка Ак-Ордо 3-МАБнын №484 контурунун жашоочулары менен жолугушуу болуп өттү, анда 18 гектар аянтка социалдык объектилердин курулушу пландалууда.

Жыйынга борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, шаардык кызматтардын жетекчилери жана райондун активи катышты.

Ал жерде Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 0,98 гектар аянтты ээлеген балдар бакчасын (280 орундуу эки корпус) жана 100 орундуу оорукананы 1 гектар аянтка куруу боюнча иштерди баштады.

Жакынкы күндөрү Россия Федерациясы тарабынан каржыланган 1500 орундуу мектепти, аянты 4 гектарды, ошондой эле 1224 орундуу дагы бир мектепти куруу пландалууда.

Бул жерде парк жана башка инфраструктуралык объектилер да курулат.

Шаар мэри курулуш иштерин тез арада бүтүрүү чаралары көрүлөрүн баса белгиледи.

Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында өттү.