Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы шаардыктар жана уюмдар арасында шаардын тазалыгы жана тартиби үчүн күрөш жүргүзүүдө.

Тегеректеги аймактын тазалыгын эң көп чарба субъектилери сакташкан эмес.

Көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренеси боюнча 3 000 сомдон 13 000 сомго чейин айып пул салынды:
- 7 жеке ишкер;
- "ПромЭнергоТехСтрой" ЖЧКсы;
- "China Road And Bridge Corporation in Kyrgyzstan" ЖЧКсы;
-  "Байтели Ата" ЖЧКсы;
-  У. К. Ш. жеке адам;
-  А.Н.А. жеке ишкер;

КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык айып пул салынды. Айып пулдун суммасы;
5 500 – 17 000 сом:
- Жеке ишкер;
-  "Утипром Технолоджис"ЖЧКсы;
-  М. У. А. жеке адам;

Өндүрүштүк таштандыларды чыгаруу үчүн КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгү "ПромЭнергоТехСтрой" ЖЧКсына 23 000 сом айып салынды.

Таштандыларды өрттөө боюнча бир факты аныкталды. Тактап айтканда, жеке адам И.Г. Иге КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүн бузганы үчүн 7500 сом айып пул салынды.

Урматтуу шаар тургундары, уюмдар! Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактаңыз! Эрежени сактабоо КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык администрациялык айып салууга алып келет.