"Эмгек резервдери" республикалык дене тарбия жана спорт борборуна баруу үчүн "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери жолду капиталдык оңдоодон өткөрүп жатышат.

Иштер Чоң Чүй каналын бойлой Абдрахманов көчөсүнөн Үсөнбаев көчөсүнө чейин түштүк тарабында жүргүзүлүп жатат.

Бүгүнкү күндө топуракты иштетүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө, грейдер, каток жана сугат машинасы сыяктуу атайын техникалар тартылды.

Мындан тышкары, жөө жүргүнчүлөрдүн өтүүсү үчүн тротуар куруу пландаштырылууда.

Ошондой эле, иштин жүрүшүндө курулмалар демонтаждалып, тирөөчтөр жылдырылат.