Көлдү реконструкциялоого байланыштуу "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы Көлдүн айланасындагы жолдорду капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, Кара-Жыгач багынын аймагында да асфальт төшөө иштери жүргүзүлөт.
Учурда эски асфальтты сыйруу, жерди тегиздөө, шагыл төшөө жана жол бордюрларын орнотуу иштери жүрүп жатат.