Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын адистери "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте борбордогу административдик имараттардын алдындагы тосмолорду демонтаждоодо.Тактап айтканда, Эркиндик көчөсү-57 дарегинде жайгашкан КРнын Тышкы иштер министрлигинин 230 метрден турган  темир дарбазасы демонтаждалды.

Бул иш "Бишкекбашкыархитектура" МИнин кайрылуусунун негизинде жүргүзүлүүдө. Ошондой эле, шаар куруу-архитектуралык ишмердүүлүгү жаатында бирдиктүү стратегиялык саясатты ишке ашыруу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында бул багыттагы иштер улантылат.