«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы Түгөлбай ата көчөсү, 69 дарегиндеги 4- этаж үйдүн канализациясынын тыгынын жойду.

Бул имараттын биринчи кабатында көйгөйдүн негизги булактарынын бирине айланган кафе жайгашкан.

Канализация түйүндөрүнүн тосулуп калышынын негизги себептери болуп түтүктөрдүн дубалдарына чөккөн бөтөн заттар жана майлар саналат. Коомдук тамактануу түйүндөрүнөн системага кирген май түтүктөрдүн диаметрин жана алардын өткөрүмдүүлүгүн бир кыйла азайтат.

Бул учурда, бөгөт коюунун себеби май, чүпүрөк, жеке гигиена каражаттары жана бойго бүтүрбөөчү каражаттар болгон.

99% учурларда тыгындардын себеби канализацияны туура эмес пайдаланган адамдардын шалаакылыгы, ага жол берилгис нерселерди жана заттарды төгүү.

Коомдук тамактануу жайларында май кармагычтарды колдонуу жана аларды дайыма тазалоо, канализацияга бөтөн нерселерди ыргытпоо зарыл.