Бишкек шаарында Байтик Баатыр көчөсүн капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Бүгүн, 2024-жылдын 15-июлунда Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүнүн Кулатов көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды.

Учурда жогоруда аталган участокто капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Белгилей кетсек, Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүн Токомбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Буга чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин Токомбаев көчөсүнөн Кулатов көчөсүнүн бир бөлүгү ачылган.

Бүгүнкү күндө Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү жабык бойдон калууда.