Кара-Жыгач токоюнун аймагындагы Комсомольское көлүн реконструкциялоо иштери жакында аяктап жаткандыгына байланыштуу «Бишкек жашыл курулуш» муниципалдык ишканасы куткаруучуларды кабыл алууну жарыялайт.

Квалификациялык талаптар:
Билиш керек:
- чөгүп бара жаткан адамга жардам, аны суудан чыгаруу, аны кармагандан бошотуу ыкмалары, сүйрөө жана биринчи жардам көрсөтүү ыкмалары;
- сууда сүзүү;
- куткаруучу жабдууларды колдонуу эрежелерин;
- куткаруучу кайыкты башкаруу.

Кызматтык милдеттери:
- куткаруу постунда нөөмөт;
- сууда кырсыкка кабылган адамдарга токтоосуз жардам көрсөтүү;
- суу кемелерин жана куткаруучу техниканы аракетке даяр абалда кармоо;
- нөөмөттү кабыл алуу жана тапшыруу;
- кырсыктар жөнүндө отчеттордун журналын жана китебин жүргүзүү.

Толук маалымат алуу үчүн Ташкент көч, 17 дареги боюнча саат 8:00дөн 17:00гө чейин жана 37 53 30 телефонуна кайрылыңыз.