Муниципалитеттин  жыйындар залында мэрдин орун басары Рамиз Алиевдин катышуусунда жана атайын техника өндүрүүчүлөрдүн расмий өкүлдөрү  менен кезектеги жолугушуу болуп өттү.

Күн тартибинде коммуналдык кызматтар үчүн атайын жабдуулардын баасына мониторинг жүргүзүү маселеси каралды.

Буга чейин, ушундай эле баа мониторинг жыйынында көптөгөн жеткирүүчүлөр бааларды кайра көрсөтүү каалоосун билдиришкен.

Бишкек шаарынын мэриясы атайын техниканын акыркы баасы боюнча маселени талкуулоо үчүн бул сунушту колдоду.

Ошол эле учурда атайын техниканын спецификациясынын аталышы өзгөрбөй турганы белгиленди.

Бул долбоордун алкагында Бишкек шаары үчүн 350дөн ашык бирдик техника сатып алуу күтүлүүдө.