Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Бүгүн, 2024-жылдын 12-июлунда Ахунбаев көчөсүнүн Малдыбаев көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылат.

Белгилей кетсек, ирригациялык системаны жана жашыл зонаны иретке келтирүү иштери улантылат.

Буга чейин Ч.Айтматов проспектисинен Малдыбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылган.

Ахунбаев көчөсүнө Ч.Айтматов проспектисинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.