Шаар тургундары, чарба  жүргүзүүчү субъекттердин ээлери көрктөндүрүү эрежелерин этибарга албай, жанаша аймакта кургак чөптөрдү жана башка тиричилик таштандыларын өрттөп жатышат. Алар административдик жоопкерчиликке тартылышууда.

Муниципалдык инспекциянын инспекторлору рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө жеке адам Заводское поселок көчөсүндөгү муниципалдык аймакта чөп өрттөп жатканын көрүшкөн. Өрт өчүрүлүп, күнөөлүүгө карата КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча протокол түзүлгөн.

Ленин жана Биринчи май райондорунун тургундары экологиялык нормаларга көңүл бурбай коюшкан.
Кургак чөптү өрттөө үчүн алар КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча да 7 500 сом жоопкерчилик тартат.

Ушул эле берене боюнча Муромская көчөсү, 221 дарегинде жайгашкан курулуш материалдар дүкөнүнө айып пул салынды.
Ээси тыюу салынган буюмдарды өрттөп, ошондой эле тегеректеги аймакты канааттандырарлык эмес абалда кармаган.

Урматтуу шаар тургундары, ишкерлер жана борбор калаанын коноктору! Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин сактоону өтүнөбүз. Экологияны бузгандарга карата токтоосуз түрдө тиешелүү чаралар көрүлөт.