Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Айбек Джунушалиевдин катышуусунда пара-армрестлинг күрөшү боюнча 21-Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин сыйлоо аземи болуп өттү.

Борбор калаанын башчысы спортчуларды мелдештеги ийгиликтүү көрсөткүчтөрү менен, ошондой эле алардын машыктыруучуларын талыкпаган эмгеги үчүн куттуктады.

«Баарыңыздарды жеңиш менен куттуктайм. Биз өз тарабыбыздан сиздерди колдоого дайым даярбыз. Келгиле, бирге өнүгүп, ийгиликке жетели. Силер спортто эле эмес, жашоодо да жеңүүчүсүңөр», - деди Айбек Джунушалиев.

2024-жылдын 20-майынан 26-майына чейин Ташкентте өткөн мелдешке Азия чөлкөмүндөгү 10 мамлекеттен 673 спортчу катышкан.

Чемпионатка теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрү боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары катышты.

Белгилей кетсек, олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин жолдомо алган бардык спортчулары биринчи жолу Азия чемпионатында жеңүүчү жана байгелүү орундарга ээ болуп, 9 медаль (5 алтын, 3 күмүш, 1 коло медаль) жеңип алышкан.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын пара-армрестлинг боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатында жалпы командалык экинчи орунду ээледи.

Азия чемпиондору жана байге ээлери:
Токтосун уулу Бекболсун - 70 килограммга чейинки салмак ченинде, машыктыруучу Алчинов О.Е.
Ал дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси, пара-армрестлинг боюнча Азиянын эки жолку чемпиону: 1-орун (сол кол), - 1-орун (оң кол);

Рак Надежда - 60 кг салмакта, машыктыруучу Алчинов О.Е.
Ал Дүйнө чемпиону, пара-кол күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону - 1-орун (оң кол), - 1-орун (сол кол);

Камчыбек уулу Эрлан - 65 кг салмакка чейинки категорияда, машыктыруучу Алчинов О.Е.
Азия чемпионатынын эки жолку күмүш медалынын ээси, пара-армрестлинг боюнча Азия чемпиону: 1-орун (оң кол), 2-орун (сол кол);

Таалайбек уулу Эрдик - 65 кг чейин, машыктыруучу Прокопов А.В.
Кыргыз Республикасынын көп жолку чемпиону, пара-кол күрөшү боюнча Азия чемпионатынын күмүш медалынын ээси: 2-орун (оң кол);

Нурматов Евгений - +90 кг жогору, тренер Прокопов А.В.
Пара-кол күрөшү боюнча Азия чемпионатынын төрт жолку күмүш медалынын ээси: 3-орун (оң кол), 2-орун (сол кол).

Тренерлер:
Алчинов Олег Евгеньевич - Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун отличниги, төрт жолу Бишкек шаарынын мыкты машыктыруучусу, эки жолу Кыргыз Республикасынын мыкты машыктыруучусу деп таанылган);
Прокопов Александр Вениаминович Кыргыз Республикасынын бир нече жолку чемпиону, Азия чемпионатынын беш жолку күмүш медалынын ээси, Азиянын эки жолку чемпиону.