Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы жашыл аймакка автоунаа токтоткон айдоочуларга айып пул салууну улантууда. Көрктөндүрүү эрежелерин бузууга каршы рейддер күн сайын өткөрүлүп жатат.  

Туура эмес унаа токтотууга каршы рейд бул жолу Октябрь районунда өттү. Жашыл аянтка унаа токтотуу Анкара көчөсүндө көп катталган.

Көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 7 чет  элдик унаанын ээсине карата протоколдор түзүлгөн. Жашыл аянтка  токтотуу үчүн салынган айып пулдун жалпы суммасы 21 000 сомду түздү.

Белгилей кетсек, жашыл аянттагы унаа токтотуучу жайларды көзөмөлдөө боюнча рейд жашыл аянттарды сактоого, шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга жана көрктөндүрүү эрежелерин бузбоо максатында өткөрүлөт.  

Урматтуу шаар тургундары, унаа сүйүүчүлөр! Газондорго унаалардын башаламан токтошунан улам жашыл аянттар тебеленип жок болууда.

Мыйзам бузгандарга карата админстративдик чара көрүлөөрүн эскертебиз.