Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров борбордук “Ала-Тоо” аянтын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты.

Аянтка заманбап фонтан комплекстери орнотулат, ошондой эле 100 метр бийиктиктеги флагшток орнотуу иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, МинКаб Төрагасы Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндөгү оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын августта бүтүрүү пландалууда.

Акылбек Жапаров курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү, айлананы жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Көчмө жыйындын жүрүшүндө Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында борбор калаада иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү маселелери да талкууланды.

Сүрөттөр