Бишкек шаарында “Тазалык” муниципалдык ишканасы таштандыларды белгиленбеген жайларга ыргыткан же курулуш, тигүү жана башка таштандыларды таштаган жарандарды аныктоо үчүн  таштанды топтолгон жерлерге видеокөзөмөл камераларын орното баштады.

Ошентип, келип түшкөн видеоматериалдар Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясына өткөрүлүп, анын негизинде айып пул салынат.

Белгиленбеген жерлерге таштанды ыргыткандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык чаралар көрүлөөрүн эскертебиз.

Урматтуу шаардыктар! Көрктөндүрүү эрежелерин сактап, шаарыбыздагы тазалыкка жана тартипке жоопкерчиликтүү мамиле кылууңуздарды суранабыз.