Бүгүн, 2024-жылдын 11-июлунда  алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана жылуулук, ысык суу менен камсыздоону жакшыртуу максатында «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы тарабынан 12-кичирайондогу Каралаев көчөсүндөгү магистралдык жылуулук тармагынын түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.

Бул тилкеде  390 метр узундукта диаметри 400 мм болгон түтүктөр алмаштырылат.

1987-жылы пайдаланууга берилген бул жылуулук тармагы өзүнүн нормативдик эксплуатациялоо  мөөнөтүнөн ашып кеткен. Эскирген түтүктөрдү жаңысына алмаштыруу жылытуу мезгилиндеги авариялардын жана бузулуулардын санын азайтат.

Жүргүзүлүүчү оңдоо иштери 12-кичирайондун тургундарын жылуулук менен үзгүлтүксүз жана сапаттуу камсыздоого багытталган.

«Бишкекжылуулуктармагы» оңдоо иштерине байланыштуу келтирилген ыңгайсыздыктарды туура түшүнүгө чакырат.