Бишкекте оор жүк ташуучу унаалардын кыймылын чектөө боюнча күн сайын рейд уланууда.

Жолдордо салмак-габариттик көзөмөл муниципалдык инспекциянын, Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин инспекторлорунун жана УПСМ кызматкерлеринин катышуусунда жүргүзүлөт.

Рейддик иш-чаралардын бири кечээ,  2024-жылдын 10-июль күнү  Молдокулов/Шоокум жана Молдокулов/Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде өттү.

Температурасы 28 градустан жогору болгон учурда, чектөөлөргө карабастан, оор жүк ташуучу унаалардын 6 айдоочусу материал жүктөп, шаарды кыдырып жүргөнү аныкталды. Бардык унаалардын салмагы 18 тоннадан ашкан.

6 айдоочу КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесинин 1-бөлүгү боюнча административдик жоопкерчиликке тартылган. Салынган айыптын жалпы суммасы 38 000 сомду түздү.

Ар бир айдоочу менен муниципалдык жолдордо күндүз атайын унаалардын жүрүүсүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Эске салсак, Бишкекте 2024-жылдын 1-июнунан 1-сентябрга чейин  саат 10:00дөн 19:00гө чейин Муниципалдык жолдордо жүк ташуучу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилген.
Абанын күндүзгү температурасы 28 градустан жогору болгон учурда унаалар шаардын көчөлөрүндө жүрүүсүнө тыюу салынат.

Тыюу тез бузулуучу азык-түлүктөрдү жана гуманитардык жардамды ташыган, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жолдорду куруу жана оңдоо үчүн тартылган, ошондой эле муниципалдык тапшырыкты ишке ашырган машиналарга жайылтылбайт.