Эртең, 12-июлдан тарта Бишкек шаарында №104 муниципалдык автобус каттамы иштеп баштайт.

№104 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы “Эне-Сай” конушунда жана “Орто-Сай” айылында жайгашат. Күн сайын 20 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 15-17 мүнөттү түзөт.

Белгилей кетсек, аталган автобус каттамы  шаардыктардын кайрылууларынын негизинде киргизилди.