Биринчи май районунун аймагындагы жолдордо, короолордо, унаа токтотуучу жайларда жана техникалык тейлөө станцияларынын жанында токтотулган автоунаалар боюнча шаар тургундарынын кайрылууларынын көбөйүшүнө байланыштуу, транспорт каражаттарын эвакуациялоо боюнча рейд өткөрүлдү.

Рейд акимчиликтин, райондук ички иштер башкармалыгынын, Бишкек шаарынын патрулдук милиция башкармалыгынын, ошондой эле муниципалдык инспекциянын жана №15 МАБдын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө муниципалдык унаа токтоочу жайларда 1 айдан 5 жылга чейинки мөөнөттө токтоп турган 9 унаа эвакуацияланды.

Эвакуатордун жана унаа токтотуучу жайдын бардык чыгымдары ташталган унаалардын ээлерине жүктөлөт.

Рейд учурунда Волков көчөсү, П. Лумумб көчөсүнөн Садыгалив көчөсүнө чейинки аралыкка өзгөчө көңүл бурулду.

Белгилей кетсек, №15 МАБдын кызматкерлери буга чейин автомобилдерди техникалык тейлөө станциялардын жетекчилери жана ташталган унаалардын ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, туура эмес жерлерде калган унааларга билдирмелерди таратып, унааларга тиркеп коюшкан.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык унаа ээлерин унаа токтотуу эрежелерине көңүл бурууга жана унааларына көз салууга чакырат. Бул маселе ыңгайлуулук жана тартип гана эмес, коопсуздук маселесин дагы камтыйт.