Свердлов районунда тышкы жарнаманы иретке келтирүү боюнча рейддер уланууда.

Алсак, Свердлов акимчилигинин кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын, «Бишкекбашкыархитектура» ишканасынын жана «Тазалык» ишканасынын өкүлдөрү менен биргеликте жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо боюнча рейддерди жүргүзүштү.

Рейд Чүй проспектиси боюнча Айтматов көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейин өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө 63 жарнамалык конструкциялар демонтаждалган.

Буга чейин комиссия тарабынан жарнаманы жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, билдирүүлөр берилген.

Жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо боюнча иш-чаралар шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнаманын тексттерин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын талаптарына ылайык келтирүү максатында уюштурулууда.