Бишкек шаарында 278 488 абонент болсо, анын 100 612си жеке сектордун тургундары.

Учурда жеке сектордон 2668 (2,7%) абонент гана суу эсептегичтерин орнотсо, көп кабаттуу үйлөрдө бул көрсөткүч 47%га жетет.

Жеке  үйлөрдүн ээлери көп батирлүү үйлөрдүн ээлерине караганда сууну көп колдонушат жана  салыштырмалуу азыраак төлөшөт. Бул өзгөчө сугат мезгилинде, жеке сектордун жашоочулары бакчаларын  сугарып, бассейндерди толтурганда байкалат.

2009-жылы БШК тарабынан белгиленген мурдагы стандарттарга ылайык, көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына суткасына 310 литр суу бөлүнөт, ал эми жеке сектордун абоненттеринде бул норма суткасына 35 литрден 310 литрге чейин болгон.

2024-жылдын 5-июлунан тарта жаңыланган стандарттар киргизилип, аларга ылайык,  күнүнө 350 литр керектөөнүн жаңыланган ченемдери киргизилген.

Белгилей кетсек, көптөгөн таза суу тармактары ашар ыкмасы менен курулуп, дайыма эле стандарттарга жооп бербейт.

Урматтуу шаар тургундары! Ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдаланууну жана суу эсептегичтерди орнотууну суранабыз.