Бишкек шаарында “Бишкек-Анкара-2024” бизнес-форуму өтүп, ага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш, Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доган   жана эки шаардын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты.

Мэр Айбек Джунушалиев  сөз сүйлөп, Анкара шаарынын мэри Мансур Явашка Бишкек шаарына келгендиги  үчүн ыраазычылык билдирди.

«Бүгүнкү форум бизге тажрыйба алмашуу жана шаарларыбыздын ортосундагы кызматташтыктын келечегин талкуулоого уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Бишкек жана Анкара-динамикалуу өнүгүп жаткан эки шаар, алардын ар бири өзүнүн уникалдуу потенциалына жана өзгөчөлүктөрүнө ээ. Биздин өз ара аракеттешүүбүз эки шаардын экономикалык өсүшү жана өнүгүүсү үчүн күчтүү кыймылдаткыч болушу мүмкүн. Шаардык муниципалитет инфраструктураны өнүктүрүүгө, шаардык чөйрөнү жакшыртууга жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө басым жасайбыз. Жүргүзүлүп жаткан администрациялык-аймактык реформа биздин өнүгүүбүздүн негизги аспектилеринин бири болуп саналат. Бул реформанын алкагында Кыргызстандын борбору үч эсе кеңейүүдө, бул курулуш, инвестиция жана шаардыктардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат», - деп белгиледи А.Джунушалиев.

Айбек Джунушалиев форумдун ийгиликтүү жана жемиштүү болоруна ишенимин билдирип, Түркия Республикасы менен кызматташуудагы маанилүү жагдайларды белгиледи.

«Быйыл Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилейбиз жана президентибиздин “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, өлкөнүн башкы  желегин жаңыртуу жана бийиктигин 100 метрге жеткирүү  чечими кабыл алынган.  Биз желектин сабын  Анкарадан алып жатабыз. Анткени, Түркия мамлекеттик символго өзгөчө маани берет», - деп кошумчалады борбордун  башчысы.

Форумда ошондой эле 2024-2029-жылдарга Бишкек шаарынын мэриясы менен Түркия Республикасынын Анкара шаарынын борбор калаасы муниципалитетинин ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Жол картасына кол коюлду.

Конференциянын алкагында ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукцияларынын көргөзмөсү өттү.

Андан соң форум B2B бизнес-коомчулуктар форматында өттү.