Бишкек шаарында жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.
Бүгүн, 10-июлда Ахунбаев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн ачылды.
Эртең, 11-июлда Ж. Абдрахманов көчөсүнүн Пушкин жана Жибек-Жолу проспектисинин оросундагы бөлүгү жабылат.
Буга байланыштуу төмөнкү автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси өзгөрдү: №36, 50, 145, 100, 56, 55, 226, 6, 9, 52, 100.
Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктардан күнүмдүк иш планын түзүүдө өзгөрүүлөрдү эске алууну сунуштайт.
Өзгөргөн кыймыл чийме менен төмөндөн таанышсаңыздар болот.