Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш «Бишкек наабайкана» муниципалдык ишканасына барып, ишмердүүлүгү менен таанышышты.

Ишкананын өкүлдөрү учурда наабайкана суткасына 10 миңден 11 миңге чейин нан азыктарын чыгарарын айтышты. 15 миңге чейин көбөйтүү пландалууда.

Ошондой эле шаар боюнча ишкананын 8 күркөсү тесттик режимде ишке киргизилип, шаардын социалдык объектилерине жеткирилип жатканын кошумчалашты.

Борбор калаанын конокторуна "Бишкекнаабайкана" МИсинин өндүрүшү жана лабораториясы көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, "Бишкекнаабайкана" муниципалдык ишканасы  Түркия Республикасынын Премьер-министринин Аппаратына караштуу Кызматташтык жана координациялоо боюнча Түрк  агенттигинин каржылык колдоосу менен курулуп, 2015-жылдын 7-майында  расмий ачылышы болгон.

Мындан тышкары Айбек Джунушалиев жана Анкаранын мэри Мансур Яваш Бишкектеги Кыргыз-Түрк достугу мамлекеттик ооруканасына барып, мекеменин иши менен таанышты.