Свердлов районунда фрезерленген асфальт төшөө иштери кызуу жүрүп жатат.

Фрезерленген асфальт – бул эски асфальттын бети атайын фрезердин жардамы менен алынуучу технология.  Бул процесс асфальттын эски катмарын талкалап, жаңы тротуар төшөө үчүн үстүн даярдайт. Андан соң даярдалган бетке асфальттын жаңы катмары төшөлөт.

Бул технология шаардык инфраструктура үчүн өзгөчө маанилүү болгон оңдоо иштерин тез жана натыйжалуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Ошентип, төмөнкү көчөлөрдө иш жүргүзүлдү:
- Фирсов көч;
- «Чыгыш-5» кичи району, №2/3, 5/3 үйлөр;
- «Чыгыш-5» кичи району, №31, 29, 30, 32, 33 үйлөр;
- Загорск көч;
- Көлбаев көч, №5 китепкананын кире беришинде;
- Артемовск көч;
- Осмонку көч;
- Ибраимов көч;
- Учкун кичи р. ул. № 8;
- Чуйков көч;
- Биримдик-Кут кичи р;
- Абдрахманов көч, 135.

Жалпысынан Свердлов районунун аймагына 1040 метр фрезерленген асфальт төшөлүп, 63 камаз түшүрүлдү.

Фрезерленген асфальт төшөө иштери улантылат, бул жол катмарынын сапатын бир топ жакшыртат жана шаар тургундарынын ыңгайлуу жүрүшүн камсыздайт.