Район башчысы Нурдин Тынаев балдарды жайкы эс алуунун башталышы менен куттуктап, бекем ден соолук, жакшы эс алууну каалады.
Иш-чарага мектеп алдындагы лагерлерден 110 бала чакырылды. Сууга түшүү мезгилин салттагыдай Нептун ачты.
Иш-чара райондук Балдар чыгармачылык борборунун концерттик программасы менен коштолду.