Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Анкара шаарынын мэри Мансур Яваш  борбор калаада жайгашкан Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил багында  Ататүрктүн эстелигине гүл коюшту.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев жана Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ахмет Садик Доган катышты.

Эки шаардын башчылары паркты кыдырып, паркты реконструкциялоо маселесин талкуулашты.

Жеринде «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы  паркты реконструкциялоонун алдын ала долбоорун көрсөтүштү.

«Бул парк муниципалитет, биздин жарандар жана борбор калаанын коноктору үчүн абдан маанилүү», - деп кошумчалады шаар башчысы.

Белгилей кетсек, Анкара шаарынын мэринин 1992-жылдан берки биринчи сапары. Ошондой эле Бишкек – Анкара шаарынын мэри 2024-жылдын март айында кызматка шайлангандан кийин барган биринчи шаар.