Бишкек шаарында троллейбустук каттамдын ордуна ушул эле номер менен жаңы №4 автобус каттамы иштей баштайт.

Ошентип, 2024-жылдын 11-июлунан тарта мурда троллейбустар каттаган каттам боюнча жаңы автобустар иштей баштайт.

№4 троллейбустук маршрут эт комбинатынан булгаары заводуна чейин жүрөт. Каттам узартылып эми ал эт комбинатынан Кербен (Дордой) базарына чейин жүрөт.