Шаардык муниципалиетте Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев менен Анкара шаарынын мэри Мансур Яваштын жолугушуусу өттү.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев жана Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ахмет Садик Доган катышты.

Бул Анкара шаарынын мэринин 1992-жылдан берки биринчи сапары. Ошондой эле Бишкек – Анкара шаарынын мэри 2024-жылдын март айында кызматка шайлангандан кийин барган биринчи шаар.

Тараптар эки тараптуу практикалык кызматташтыкты активдештирүү маселелерин талкуулашты.

Айбек Джунушалиев Анкара шаарынын тажрыйбасын эске алуу менен Бишкек шаарынын мэриясынын адистеринин квалификациясын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар ошондой эле борбордун инфраструктурасын жакшыртуу жана санариптештирүү жаатында биргелешкен долбоорлорду түзүүнү талкуулашты.

Мансур Яваш сапардын максаты соода-экономикалык алакаларды чыңдоо экенин баса белгиледи.

Өз кезегинде Айбек Джунушалиев биргелешкен долбоорлордун санын көбөйтүү, сапатын жана көлөмүн жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы кызматташууга ишенимин билдиришти.