Свердлов районунда карызкорлорду аныктоо жана таштанды чыгаруу үчүн акы төлөөдөн баш тарткан юридикалык жактар менен келишим түзүү боюнча рейд өткөрүлдү.

Рейд "Бирдиктүү эсептешүү борбору" жана "Тазалык" муниципалдык ишканалары тарабынан уюштурулду.

Биргелешкен иштердин жүрүшүндө тургундардын арасында кыянаттык менен төлөбөгөндөр, ошондой эле келишимде юридикалык жактардын арасында коммерциялык жайдын аянтын атайылап кыскартып көрсөткөндөр аныкталган.

Ишканалардын адистери калк арасында төлөмдөрдү өз убагында төлөө жана коммерциялык жайдын көрсөтүлгөн квадратурасына ылайык келбеген учурда юридикалык жактар үчүн келишимдерди кайра түзүү зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштерин  жүргүзүштү.

Урматтуу шаардыктар! Коммуналдык төлөмдөрдү убагында төлөп турууну суранабыз.