Эртең, 10-июлдан тарта Бишкек шаарында №25, №175 муниципалдык автобус каттамдары иштеп баштайт.

№25 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы “Ала-Тоо” жана “Кара-Жыгач” конуштарында жайгашат. Күн сайын 22 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 10 мүнөттү түзөт.

Ал эми №175 муниципалдык автобустун акыркы аялдамасы шаардын жогорку бөлүгүндөгү “Жаштар кварталында” жана “Маевка” айылында жайгашат. Күн сайын 20 автобус каттамга чыгат. Орточо аралык 10 мүнөттү түзөт.

Белгилей кетсек, аталган автобус каттамдары шаардыктардын кайрылууларынын негизинде киргизилди.

Схемы