Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын инспекторлору белгиленбеген жерге таштанды таштоо фактысы боюнча эреже бузган 8 адамды аныктады.

Ар бир факт боюнча Кыргыз Республикасынын  "Укук бузуулар жөнүндө"  кодексине ылайык административдик чаралар көрүлдү. Эреже бузгандарга карата салынган айып пулдун жалпы суммасы - 107 500 сомду түздү.

Ахунбаев көчөсү 7-апрель көчөсүнөн   Достоевский көчөсүнө чейин, ошондой эле Арча-Бешик конушундагы Чортеков көчөсү текшерилип, белгиленбеген жерге таштанды ыргытуу фактылары байкалды.

Таң эрте жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгы боюнча 115 – берененин 1 жана 2 – бөлүктөрү боюнча протоколдор түзүлдү: Октябрь району - 4, Ленин району -2, Свердлов району-2  протокол түзүлдү.

Урматтуу шаар тургундары, уюмдар! Таштандыны белгиленбеген жерге таштабоону өтүнөбүз. Борбор калааны көрктөндүрүү  эрежелерин бузуу фактылары катталган учурда  күнөөлүүлөр жоопко тартылат.