Ж. Абдрахманов көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.

Эртең, 10-июлдан тарта Ж. Абдрахманов көчөсүнүн Ж. Бөкөнбаев көчөсү менен кесилиши жана ушул эле көчөнүн Москва көчөсү менен кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат.

Андан тышкары 10-июль күнү Байтик баатыр (темир жолдон төмөнкү бөлүгү Ж. Абдрахманов) көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылат.

Буга байланыштуу төмөнкү автобус каттамдарынын кыймыл чиймелери өзгөрүүдө: №42, 56, 103, 145, 152, 169, 195, 212.

Өзгөргөн кыймыл чиймелер тууралуу маалымат төмөндө берилди:

Схемы