Борбор калаада Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттердин Бишкек ачык балдардын Дельфий оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйыны Эл аралык Дельфий комитетинин директору Владимир Понявиндин катышуусунда өттү.

Жыйындын жүрүшүндө уюштуруу комитетинин мүчөлөрү спартакиаданын жобосу, сынактын жана фестивалдын программаларынын талаптары, калыстар тобун түзүү жана иштөө тартиби менен таанышты, ошондой эле иш-чарага даярдыктын жалпы жүрүшүн талкуулашты.

Эскерте кетсек, оюндар 11 категориядан турат жана 2024-жылдын 30-сентябрынан 5-октябрына чейин Бишкекте өтөт. Оюндарга КМШнын бардык өлкөлөрүнөн 7 жаштан 17 жашка чейинки жаш таланттар катышат.

КМШга мүчө-мамлекеттердин Бишкекте өтүүчү ачык балдар Дельфий оюндары мелдеш гана эмес, өсүп келе жаткан муунду жалпы баалуулуктардын жана салттардын айланасына бириктирген маданий майрам болуп саналат.