Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнүнө карата борбор калаанын муниципалитетинде сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Эзелтен  элибиз бекеринен «биринчи байлык – ден соолук» деп айткан эмес. Өз өмүрлөрүн адамдын баа жеткис өмүрүн жана ден-соолугун коргоо үчүн күнү-түнү көз ирмебей кызмат кылган кең пейил, мээримдүү жана боорукер дарыгерлерибизге,
Сиздерге урматтуу ак халатчандар, саламаттыкты сактоо кызматкерлери чексиз ыраазычылыгыбызды билдиребиз», - деп белгиледи борбор калаанын башчысы.

Ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн медицина тармагынын кызматкерлери алтын төш белги, күмүш төш белги, кол саат, Ардак грамота, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын ыраазычылык каттары менен сыйланышты.