Бүгүн, 2024-жылдын 9-июлунда мэрдин орун басары  Виктория Мозгачева  IPCA 2024 шахмат боюнча 23-жеке дүйнө чемпионатында өлкө намысын коргой турган Кыргызстандын пара шахмат командасынын мүчөлөрү менен жолугушту.

Чемпионат 2024-жылдын 19-июлунан 28-июлуна чейин Гюмри шаарында (Армения) Таяныч-кыймыл аппараты бузулган ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар арасында өтөт.

Мэрдин орун басары  улуттук курама командага колдоо сөздөрүн айтып, алдыдагы чемпионатта ийгилик каалап, белектерин тапшырды.

Команданын мүчөлөрү:
Мукашев Эрмек – “Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар арасында шахмат жана шашки ассоциациясынын” президенти жана Кыргызстандын шахмат боюнча пара командасынын жетекчиси;
Дарика Мамытова – “Кыргыз Республикасынын майыптар арасындагы шахмат жана шашки ассоциациясынын” башкы катчысы;
Тилеген Рахатбеков – пара шахматчы;
Айнура Алеева – апасы жана коштоочусу;
Асель Нурматова – пара шахматчы;
Уулжан Осмонбекова – апасы жана коштоочусу;
Алим Айталиев пара шахматчы.

Бишкек шаарынын мэриясы IPCA 2024 шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионатта улуттук курама командабызга ийгиликтерди жана жогорку жетишкендиктерди каалайт!