УТРКнын залында Кыргыз улуттук “Манас” театры жана УТРКнын “Баластан” телеканалы биргеликте өткөргөн “Манас таануу” республикалык кароо-сынагы жыйынтыкталды.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине КР статс-катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, УТРКнын директору Болотбек Тиллебаев, коомдук ишмерлер, дастанчылар, төкмө акындар катышты.

Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мекемелеринин ичинен “Манас таануу” этабында республикалык этапта эң жогорку упайга ээ болуп, Ленин районунун катышуучулары мыкты көрсөткүчкө жетишти.

Конкурстун жыйынтыгында:

1-орунга ээ болгон №5 мектепке чейинки билим берүү мекемесине ноутбук, түстүү принтер,  ар бир катышуучуга  рюкзак тапшырылып, жетекчиси Гүлшат Султаналиева мамлекеттик катчынын «Ыраазычылык каты» менен сыйланды.

2-орунду алган №28 мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчиси Анара Мырзалиевага ноутбук, ар бир катышкан балага рюкзак жана Улуттук «Манас» театрынын Ардак грамотасы тапшырылды.

3-орунду багындырган  №26 мектепке чейинки билим берүү мекемесине  Улуттук «Манас» театрынын «Ардак грамотасы» жана жетекчиси Айгүл Ибраимова С.Орозбаковдун төрт  томдук китеби менен сыйланды.

«Мыкты сценарий» номинациясын №8 жана №18 мектепке чейинки билим берүү мекемелери алды. Жетекчилери Кундуз Саралаева менен Мээрим Сыдыкова УТРКнын жана Улуттук “Манас” театрынын “Ардак грамотасы” менен сыйланышты.

Мектептер арасында өткөрүлгөн “Манас таануу” кароо-сынагында окуучуларын мыкты даярдагандыгы үчүн №68 мектептин мугалими Турусбекова Төркүнбү “Мыкты мугалим” номинациясына ээ болуп, уюлдук телефон, ошондой эле Улуттук Манас театрынын  “Төш белгиси” менен сыйланды.