Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2024-жылдын 25-апрелиндеги № 200 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин лицензиялоо чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому менен   алкоголдук ичимдиктерди сатууга лицензия алуу тартиби жөнөкөйлөштүрүлгөндүгүн белгилейт.

Алкоголдук ичимдиктерди сатууга лицензия алуу үчүн төмөнкү документтер   талап кылынат:
жеке адамдар үчүн:
- паспорттун көчүрмөсү;
- жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- мамлекеттик алым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция (500 сом).

юридикалык жактар үчүн:
- юридикалык жактын мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- уюштуруу документтеринин көчүрмөсү (өзүнүн мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн);
- мамлекеттик алым төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция (1000 сом).

Алкоголдук продукцияны чекене сатууга лицензия алган субъект төмөнкү өлчөмдөгү жыйым төлөйт:

1) жеке жактар үчүн – 100 (10,0 миң сом) эсептик көрсөткүч;
2) юридикалык жактар үчүн:
- 200 эсептик көрсөткүч (20,0 миң сом) эгерде чекене соода объектисинде бир кассалык аппарат болсо;
- чекене соода объектисинде эки контролдук-кассалык машина болсо 500 эсептик көрсөткүч (50,0 миң сом);
- чекене соода объектисинде үч же андан көп кассалык машиналар болсо 2000 эсептик көрсөткүч (200,0 миң сом).

Бардык суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттикке төмөнкү телефон аркылуу кайрылыңыз:
0312 62-25-25, 0551-55-26-21.