2024-жылдын 29-июнунан 5-июлуна чейин Якутск шаарындагы «Дохсун» спорт комплексинде «Азия балдары» VIII эл аралык спорт оюндарынын программасындагы бокс боюнча мелдештер өттү.

Мелдешке 2008-2009-жылдары туулган 127 мушкер катышты. (15-16 жаш).

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынан 12 улан катышты. Мелдешке улуттук курама команданын курамында ОРАӨБМ тарбиялануучулары, спорттун чеберлигине талапкер Булавкин Данил жана спорт чеберине талапкер Арваз Ахмади катышты.

Булавкин Данил эки беттеш өткөрдү. Биринчи беттешинде Сириядан келген атаандашы Хамед Ешаны жеңсе, экинчисинде якутсктик мушкер Неустроев Айсенге жеңилип калды. Жыйынтыгында Данил Булавкин мелдеште коло медаль тагынды.

Арваз Ахмади үч беттеш өткөргөн. Биринчи беттешинде орусиялык мушкер Самвел Мкртчанды, экинчи беттешинде Ахмади өзбекстандык мушкер Усмонжонов Жасурбекти жеңип, финалга чыкты. Финалдык беттеште Ахмади орусиялык мушкер Губин Егор менен кез келди. Калыстардын бир добуштан чечими менен жеңиш Арваз Ахмадиге ыйгарылды.

Белгилей кетсек, эл аралык оюндар олимпиадалык кыймылдын идеяларын жайылтуу, балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү жана эл аралык спорттук кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлөт.