Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын адистери "Бишкекбашкыархитектура", "Тазалык" муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү жана Свердлов акимиатынын кызматкерлери менен биргеликте жарнамалык конструкцияларды демонтаждоо боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.

Рейд Т.Айтматов көчөсү менен Чүй проспектисинен Мамбетов көчөсүнө чейин жүргүзүлдү. Рейддин жүрүшүндө 14 жарнама конструкциясы жана 1 бастырма демонтаждалды.

Буга чейин комиссия тарабынан жарнама жайгаштыруу эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, билдирмелер берилген.

Жарнама конструкцияларын демонтаждоо иш-чаралары шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу, сырткы жарнактын тексттерин КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын талаптарына ылайык келтирүү ж. б. үчүн жүргүзүлүүдө.