Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Алсак, Байтик Баатыр көчөсүн капиталдык оңдоонун алкагында Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө  чейинки аралыкта  бир катмар асфальт төшөлдү.

Белгилей кетсек, асфальттын экинчи катмары төшөлүп, жол сызыктары түшүрүлгөндөн кийин жогоруда аталган аймакты 2024-жылдын 10-июлунда ачуу пландалууда.