Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Эртең, 7-июлда Абдырахманов көчөсү менен Чүй проспектисинин ортосундагы тилкеде оңдоо иштери башталат. Буга байланыштуу № 2, № 4 жана № 7 троллейбус каттамдарынын кыймылы убактылуу токтотулат. 7-июлдан тарта шаарда эки гана троллейбус каттамы жүрө баштайт: №11 жана №14.

Шаар тургундарынан жана конокторунан убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Сапарларыңыздарды пландаштыруунун алдында ушул өзгөртүүлөрдү эске алууну суранабыз.