Бишкек шаарында 2024-жылдын 20-майынан тарта Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти КР ИИМдин ЖКККББ Патрулдук милиция башкармалыгы менен биргеликте токтотуу эрежелерин бузган автоунаа каражаттарын эвакуациялоо боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.

Бүгүнкү күнгө карата рейдди жүргүзүү үчүн отуздан ашык атайын техника тартылган.

Май айынан бери 3500дөн ашуун автоунаа эвакуацияланды.  

2024-жылдын 8-июлунан тартып унаа токтотуу эрежелерин бузган автоунаа каражаттарына   күнү-түнү күрөш жүргүзүлөт.
Урматтуу айдоочулар! Көчөлөрдүн өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жана жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында автотранспорт каражаттарын токтотууга тыюу салынган тилкелерге калтырбоону суранабыз.