2024-жылдын 25-июнунан 7-июлуна чейин Якутск шаарында VIII Эл аралык “Азия балдары” спорт оюндары өтүүдө.

Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинен спортчу Аскат Курманбеков волейбол боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамында катышып, оюндун жыйынтыгы менен 12 команданын ичинен 6-орунду ээледи.

Спортчунун машыктыруучусу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Анкудинов Андрей Владимирович.

Белгилей кетсек, эл аралык оюндар олимпиадалык кыймылдын идеяларын жайылтуу, балдар жана өспүрүмдөр спортун өнүктүрүү жана эл аралык спорттук кызматташтыкты чыңдоо максатында өткөрүлөт.

Эл аралык оюндардын программасына 24 спорттун түрү боюнча  30 өлкөдөн спорттук командалар катышууда.