Бишкек шаарында балдар иштери боюнча комиссиялар ишин улантууда.

Алсак, Ленин районунда балдар иштери боюнча комиссия жашы жете электердин билим албай калуусун, балдардын жашоо шартына жана санитардык нормалардын сакталышына байланышкан жагдайларды текшерүү максатында жумушчу комиссиясын уюштурган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында комиссия эки үй-бүлөнү көзөмөлгө алып, ошондой эле жашы жете элек бир өспүрүмдү мектепке тартууну уюштурган.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Ленин райондук балдар иштери боюнча комиссиянын 20 отуруму болуп, анда 313 материал каралган.

Биринчи май районунда балдар арасындагы укук бузуулар, турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарга жардам көрсөтүү, балдарды үй-бүлөсүнө кайтаруу боюнча 12 материал боюнча маселелер каралып, жеринде тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Бүгүнкү күндө 12 жыйын өткөрүлүп, анда 216 материал каралды.

Балдар иштери боюнча комиссиялар балдардын билим алуусу, ден соолугуна жана социалдык өнүгүүсүнө байланышкан көйгөйлөрдү чечүү боюнча активдүү иш алып барышат, ошондой эле алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрүшөт.