Муниципалдык инспекция тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын  2024-жылдын 15-апрелиндеги  №102 буйругун аткаруунун алкагында рейд өткөрүлгөн.

Буйруктун алкагында Лев Толстой көчөсүндө жүк көтөрүмдүүлүгү 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалар текшерилди.

Текшерүү маалында бир эреже бузуу аныкталды: Тактап айтканда бетон аралаштырган унаанын айдоочусу  салмагы 20 тоннадан ашык цемент жүктөгөн.

А.Н аттуу жаранга  карата КРнын укук бузуулар жөнүндө  кодексинин 434-беренесинин 1-бөлүгүгө ылайык  протокол түзүлүп, 3000 сом айып салынган.

Ал эми  көпчүлүк оор жүк ташуучу унаалардын салмагы 18 тоннадан аз болгон.

Эске салсак, 2024-жылдын 1-июнунан 1-сентябрга чейин Бишкек шаарында  саат 10:00дөн 19:00гө чейин, абанын күндүзгү температурасы 28 градустан ашса жүк ташуучу унаалардын муниципалдык жолдордо жүрүү кыймылын  убактылуу чектөө киргизилген.

Рейддик иш-чаралар  жол катмарынын бузулушуна жол бербөө, айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык жана санитардык нормаларды сактоо максатында жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, тыюу салуу тез бузулуучу азык-түлүк жана гуманитардык жардам ташыган, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жолдорду куруу жана оңдоо үчүн тартылган, ошондой эле муниципалдык тапшырыкты ишке ашырган унааларга колдонулбайт.